Неврологиялык оорунун айрым түрлөрүнө чалдыккан бейтаптарга коронавируска каршы вакцина алууга болбойт. Бул тууралуу 20-сентябрда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкаркы башкы неврологу Жамал Тургунбаев билдирди:
“Эпилепсиянын (талма) оор формалары, борбордук нерв системасынын сезгенүү оорулары, инсульт, бардык неврологиялык оорулар. Эгерде вакцинанын биринчи дозасын алган учурда анафилактикалык шок алып, температурасы 40 градустан жогору болуп, кээ бир компоненттерди кѳтѳрѳ албай реакция жүргѳн болсо экинчи дозаны алганга болбойт. Тубаса иммунодефицит адамдарга вакцина жасалбайт, бирок мындай жарандар аз кездешет”.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 177 миң адамга жетти, алардын 2,5 миңи каза болду.
Учурда республиканын бардык аймактарында Sputnik V, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын бекер алууга шарт бар. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат.
Эмделгендер 1 миллион 341 миң адам, алардын 567 миңден ашыгы эки доза алышты. (RK)