Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Кыргызстан октябрда Pfizer вакцинасын алууну пландап жатат


Октябрда эл аралык COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келери күтүлүүдө. 2022-жылдын башында Moderna вакцинасы да алып келинет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Сентябрдын аягына чейин өкмөт америкалык Pfizer препаратын -70 градуста сактай турган муздаткыч сатып алмакчы.

Учурда калк Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik-V жана Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca вакциналары менен эмделүүдө. 9-сентябрда Түркиядан кытайлык Sinovac препараты да келген.

20-сентябрга карата 1 миллион 342 миңдей адам эмделди, алардын 567 миңден көбү вакцинанын эки дозасын тең алышты.

Covid-19га каршы вакцина эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш. Толук эмдөөдөн өткөндөрго сертификат берилет.

2020-жылдын март айынан бери коронавирус менен расмий түрдө катталгандардын саны 178 миңдей, алардын 2600гө жакыны каза болду. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG