Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

БУУ Ооганстандын саламаттык сактоо системасына 45 миллион доллар бөлөт


ЮНИСЕФтин Ооганстандагы кызматкерлери Кабулдагы балдар ооруканасында. 19-сентябрь, 2021-жыл
ЮНИСЕФтин Ооганстандагы кызматкерлери Кабулдагы балдар ооруканасында. 19-сентябрь, 2021-жыл

БУУ Ооганстандын саламаттык сактоо системасынын кыйрашын алдын алуу үчүн 45 миллион доллар бөлүүнү чечти. "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) бийликти басып алган августтун ортосунан бери бул тармак терең кризиске учурап, гуманитардык жардам жеткирүү кыйындаган.

Натыйжада бир топ медициналык мекемелер эң керектүү каражаттарсыз, калың эл тейлөөсүз калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана гуманитардык топтор эскертип келатышат.

Чет өлкөлөр жана кайрымдуулук уюмдары талибдер акча каражаттан пайдаланбасын деп, Ооганстанга жардамды токтотуп коюшкан. Жергиликтүү он миңдеген дарыгер жана башка медициналык кызматкерлер өлкөдөн качкан, талибдер аялдардын иштешине тыюу салышкан.

Шаршемби күнкү билдирүүдө БУУнун Гуманитардык жардам агенттигинин башчысы Мартин Грифис 45 миллион доллар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жана ЮНИСЕФке берилерин айтты. Каражат медициналык мекемелердин жыл аягына чейин иш алып баруусуна шарт түзмөкчү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, талибдер бийликти басып алгандан бери Ооганстанга 170 тонна медициналык каражат жөнөтүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG