Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:02

"Азаттыктын" кабарчысы экологиялык журналисттин стипендиясына ээ болду


Бактыгүл Чыныбаева.
Бактыгүл Чыныбаева.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы Бактыгүл Чыныбаева Internews Earth Journalism Network жана Stanley Center for Peace and Security программасынын климаттын өзгөрүүсүн чагылдырууга байланышкан стипендиясына ээ болду.

Дүйнөнүн 20 журналистине берилген бул мүмкүнчүлүктүн алкагында ал Шотландияда ноябрь айында өтө турган БУУнун климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу 26-саммитин чагылдырууга барат.

Мындан тышкары ал Шотландия менен Британиянын айрым басылмаларына англис тилинде Кыргызстандагы экологиялык маселелер тууралуу баяндарды жазып турат. Дүйнөгө белгилүү экологияны чагылдырган журналисттердин мастер-класстарына катышат.

БУУнун саммити 4-14-ноябрда Глазго шаарында өтөт. Бул стипендия үчүн дүйнөдөн 700дөн ашуун журналист ат салышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG