Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Токаев Борбор Азияда гидроэнергетикалык консорциум түзүүнү сунуштады


Президент Касым-Жомарт Токаев Башкы ассамблеяда сөз сүйлөп жатат. 22-сентябрь, 2021-жыл
Президент Касым-Жомарт Токаев Башкы ассамблеяда сөз сүйлөп жатат. 22-сентябрь, 2021-жыл

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 22-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында чыгып сүйлөдү. Алдын ала жаздырылган видео кайрылуусунда мамлекет башчы COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу, климаттагы өзгөрүүлөр жана Ооганстандагы гуманитардык кырдаалга токтолду.

Токаев COVAX долбоорунун алкагында анын өлкөсү вакцина менен бөлүшүүгө даяр деп айтты. Экология маселесине кайрылып, Казакстан деңизге чыкпагандыктан климат башка өлкөлөргө караганда тезирээк өзгөрүп жатканын, кургакчылык көп болуп турарын белгиледи.

Президент ошондой эле Нур-Султан БУУнун Коопсуздук кеңешинин Ооганстанда инклюзивдүү өкмөт түзүү чакырыгын колдоорун, аймактан тышкаркы мамлекеттер менен «С5+» форматындагы регионалдык диалогго көп үмүт артарын билдирди.

"Өнөктөш мамилелердин алкагында биз Борбор Азиянын суу ресурстарына, суу тартыштыгына, анын сапатына байланышкан маселелелерге көңүл бурабыз. Башка мамлекеттердин түрдүү кызыкчылыктарына карабай, Казакстан аймакта суу-гидроэнергетикалык консорциум түзүүнү сунуш кылат. Ал аркылуу орток максатка жетүү үчүн стратегияларды координациялап турса болот", - деди Токаев.

Казак лидери Казакстан БУУнун Адам укуктары кеңешине талапкерлигин койгонун да кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG