Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

АӨБ Кыргызстанда инфляция 10% болот деп божомолдойт


Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстандагы инфляциянын божомолун 10% көтөрдү. Быйыл май айында АӨБ жылдын аягына чейин инфляция 7% болушу мүмкүндүгүн айтылган эле. Сентябрга карай уюмдун эксперттеринин эсеби өзгөрдү.

22-сентябрда жарыяланган “Азиянын өнүгүүсүнө сереп-2021” баяндамасына ылайык, азык-түлүктүн баасы кымбат бойдон кала берүүдө. Улуттук валютанын АКШ долларына карата куну да төмөн сакталып турат. Азык -түлүк бааларынын туруктуу жана тез өсүшүн эске алганда, АӨБ инфляциянын 2021-жылы 10% чейин тездешин, 2022-жылы 7% чейин басаңдашын болжолдойт.

Февралда өлкөнүн Улуттук банкы жылдын аягына чейин инфляция 7% ашпайт деп күтүлүп жатканын билдирген. Бирок, июнда божомолун 9% көтөргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG