Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

Осло-2021: грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар беттешке чыгат


Жоламан Шаршенбеков.
Жоламан Шаршенбеков.

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында бүгүн, 7-октябрда грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар күрөшүн баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандык Күрөш федерациясы билдирди.

Сардарбек Конушбаев (55 кг.), Руслан Царев (72 кг.), Кайратбек Түгөлбаев (77 кг.), Калидин Асыкеев (82 кг.) килем үстүнө чыгат.

Күрөштүн бул түрү боюнча кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков, Калы Сулайманов, Марлен Асикеев, Бексултан Махмудов башка күнү күрөшөт.

Бүгүн, 7-октябрда кечки саат 22:00дөн кийин кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова алтын байге үчүн жапониялык Рин Мияжи менен беттешет.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда.

Бул мелдеште азырынча Кыргызстандын балбандарында бир алтын, бир күмүш жана эки коло байге бар. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG