Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Депутат мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү мыйзамынан шек санады


Евгения Строкова.
Евгения Строкова.

Парламент депутаты Евгения Строкова “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдөн чочулап турат.

Бул тууралуу ал 7-октябрда Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору каралып жаткан учурда айтты.

“Жеке мени түз сатууга уруксат берилип жатканы чочулатууда. Бул мыйзам мурда “улутташтырылган” объектилерди кайра өз кожоюндарына кайтарып берүүгө шарт жаратып жаткандай сезилүүдө. Толуктоолор жана өзгөртүүлөр ошого мүмкүнчүлүк берчүдөй. Мен билгенден Орусияда да бардыгын сатып жатышканда президенти аны бир мезгилде токтотуп, мүлктөрдүн кайсы бир бөлүгүн кайтарып, кайра улутташтырып алган. Бизде тескерисинче, жерлерден бери сатат экенбиз да. Мен бул мыйзамды колдоодон корком, ошого добуш бербейм. Кечирим сурайм”, - деди Строкова.

Мыйзам долбоорун коргоп жаткан инвестициялар министри Нурадил Баясов мыйзамды өзгөртүүнүн башкы максаты, аны жаңы кабыл алынган Конституцияга шайкеш келтирүү жана ичиндеги туура эмес болуп калган беренелерди оңдоо деп түшүндүрдү.

Министрлер кабинети быйыл июль айында, менчиктештирүү жараянынын баштапкы баскычы катары "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" компаниясын, Кепилдик фондунун, "Керемет" банктын жана Евразиялык сактык банкынын (РСК банкы) акцияларын сатууну сунуштаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG