Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

COVID-19: Молнупиравир дарысы каттоого берилди


Америкалык Merck жана Ridgeback Biotherapeutics фармацевтикалык компаниялары COVID-19 илдетинен дарылай турган препаратты жактыруу үчүн АКШнын азык-түлүктү көзөмөлдөө башкармалыгына документтерин тапшырды.

Молнупиравир COVID-19ге каршы алгачкы массалык дары болуп калышы ыктымал. Он күн мурда препаратты сыноонун үчүнчү фазасы ийгиликтүү өткөнү кабарланган. Дарыны колдонуу ооруканага жаткандарды жана тобокел топко кирген адамдар арасындагы өлүмдөрдү азайтканы аныкталган.

Кан тамырына сайылган ремдесивирден айырмаланып, молнупиравир таблетка түрүндө чыгарылат. Аны коронавирустун биринчи симптомдору пайда болгондон кийин беш күн бою ичиш керек. Сыноо учурунда анын эч кандай олуттуу терс кесепеттери байкалган эмес.

Малыматтарга караганда бул дары боюнча чечим жыл аягына чейин кабыл алынат. Merck компаниясы өндүрүштү азыр эле баштады.

Америкалык адистер дары пандемия менен күрөштө натыйжалуу болушу мүмкүндүгү эмдөөдөн баш тартууга себеп эмес деп белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG