Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

АКШ Судандагы аскердик төңкөрүштү айыптады


Суданда 2021-жылдын 25-октябрында мамлекеттик төңкөрүш болду.
Суданда 2021-жылдын 25-октябрында мамлекеттик төңкөрүш болду.

Кошмо штаттары Судандын Куралдуу күчтөрүнүн соңку аракеттерин “чечкиндүү түрдө” айыптай турганын АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди. Энтони Блинкен бийликти кулаткан төңкөрүшчү аскерлерге кайрылып, Судандын премьер-министрин жана башка жарандык лидерлерди боштондукка чыгарууга чакырды.

Судандын премьер-министри Абдалла Хамдок кармалып, өлкөдө өзгөчө абал жарыялоо демократияны үзгүлтүккө учурата турганын айтып, бул жагдай туруксуздукка алып келерин белгиледи. Ал жарандык лидерлердин камалышы кабыл алгыс жагдай экенин, аскерлер алардын коопсуздугун камсыздап, тез арада бошотууга тийиш экенин кошумчалады.

Судандын Эгемен кеңешинин төрагасы, генерал Абдель Фаттах аль-Бурхан өкмөт мүчөлөрү камакка алынгандан бир нече сааттан кийин эки жыл мурун жарандык жана аскердик саясатчылар түзгөн ал кеңеш таратылганын жарыялады. Ошондой эле ал өкмөт кызматтан кеткенин жана өтмө конституциялык декларациянын бир канча беренелери токтотулганын жарыялады. Мунун себептерин Абдель Фаттах аль-Бурхан бийлик кризиси деп атады.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Судандагы кырдаалды жабык карай турганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG