Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

Социалдык облигация пайдалануу мүмкүнчүлүгү талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каржылоонун комплекстүү улуттук механизмдери (ККУМ) программасынын алкагында социалдык облигацияларды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү боюнча изилдөө жүргүзүлдү. Изилдөөнүн бет ачары Бишкекте 28-октябрда өттү.

Анда айтылгандай, бул механизм өкмөткө долбоорлорду чындап натыйжа болгондо каржылоого мүмкүндүк берет, антпесе, тобокелдиктерди инвестор өзү тартат.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен белгилегендей, социалдык облигация өкмөткө мурда белгиленген социалдык максаттарга жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Социалдык облигация - өкмөт жана инвестор ортосунда кол коюла турган каржылык документ.

Быйыл жыл башында Кыргызстанда чет элдик түз инвестицияларды тартууну камсыз кылыш үчүн инвестицияны колдоо чараларын жеңилдеткен мыйзамга кол коюлган. Эл аралык ишке кеңеш инвестициялык абал жагымдуу болбой жатканын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG