Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев дүйнө салды


Мар Байжиев.
Мар Байжиев.

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев дүйнө салды. Байжиев бүгүн, 29-октябрда Бишкекте 86 жаш курагында каза болгонун "Азаттык" радиосуна маркумдун жакындары кабарлашты.

Байжиев менен коштошуу зыйнаты 31-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук Опера жана балет театрында өтөт.

«Манас» орденинин кавалери, прозаик, публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссёру, адабиятчы Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад облусунда туулган.

Ал орус жана кыргыз тилдеринде жазган сынчы, котормочу катары да таанылган.

Байжиев «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд» пьесаларынын автору. «Эрөөл» пьесасынын сюжетине эки опера коюлган. «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасын жазган.

Калемгердин драмалык чыгармалары ондогон чет мамлекеттердин театрларынын репертуарына кирген. Байжиевдин сценарийи боюнча «Кыргызфильм» киностудиясында «Ак илбирстин тукуму», «Алтын күз», «Өзбекфильм» студиясында «Бөтөн бакыт», «Нөшөр», «Казактелефильм» студиясында «Жаңы жыл алдындагы түн» аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер, аңгемелери боюнча башка студияларда да кыска метраждуу бир нече көркөм фильм тартылган.

Маркум «Седеп» фондунун президенти, Жогорку Кеңештин депутаты, Кино академиянын президенти болгон. Драматургдун балалыгы, жаштык кези, чыгармачылык тагдыры да татаал, карама-каршылыктуу болуп, балалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун оор жылдарына туш келген. Атасы, советтик агартуучу, драматург, окумуштуу, "Манас" эпосунун изилдөөчүсү Ташым Байжиев 1950-жылы репрессияга кабылып, 1952-жылы каза болгон, үч жылдан кийин толук акталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG