Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Канат Исаев менен Айнуру Алтыбаева шайлоого баруудан баш тартты


Өткөн айда Канат Исаев "Кыргызстан" партиясынын лидерлигинен кеткен.
Өткөн айда Канат Исаев "Кыргызстан" партиясынын лидерлигинен кеткен.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары Канат Исаев менен Айнуру Алтыбаева баштаган тогуз адам бир мандаттуу округдан шайлоого катышуудан баш тартканын маалымдады.

Ушуну менен бир мандаттуу округдардан шайлоого бараткан талапкердердин саны 312 болду.

Өткөн айда Канат Исаев "Кыргызстан" партиясынын лидерлигинен кеткен жана бул чечим партиянын съездинде кабыл алынган. "Кыргызстандын" жаңы лидери болуп "Аю холдингдин" вице-презденти Нурлан Абдыразаков шайланган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан куралат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет.

Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия талапкер катталган.

XS
SM
MD
LG