Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуудан баш тарткандар 23кө жетти


БШК имараты.
БШК имараты.

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катталган дагы эки талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу 15-ноябрда “Азаттык” радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, талапкерликтен баш тартуу тууралуу арыз жазгандар 23кө жетти. Ошентип, расмий катталган 321 талапкердин арасынан бүгүнкү күндө 298и калды.

28-ноябрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек.

Бирдиктүү округдан катышуу ниетин 75 партия билдирген, алардын 21и ат салышуусун улантууда.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо өтө ыплас өткөнүнө нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG