Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

"Яндекс Такси" айдоочусу ээнбаштык кылган деген шек менен кармалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкекте "Яндекс такси" фирмасынын айдоочусу жол коопсуздугун тейлеген инспекторду автоунаанын капотунда сүйрөп кеткен деген шек менен кармалды.

Шаардык Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, машине айып короого токтотулду. Айдоочу аны эч кандай документсиз айдап баратканы, буга чейин да төлөнбөгөн айыппулдары бар экени аныкталган.

"Бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, айдоочу Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.

18-ноябрда интернетке инспекторду "Яндекс такси" фирмасына таандык машиненин капотунда сүйрөтүп бараткан айдоочу тартылган тасма тараган. Аталган фирмадан азырынча комментарий боло элек.

Инспекторду сүйрөтүп кеткен окуялар Кыргызстанда буга чейин да катталган.

Видео kaktus.media басылмасынын "Ютубдагы" каналынан алынды.

XS
SM
MD
LG