Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:50

Беларус өз аймагындагы мигранттардын лагерлерин тазалай баштады


Брузги-Кузница өткөрмө бекетинин жанындагы мигранттар куруп алган лагер.
Брузги-Кузница өткөрмө бекетинин жанындагы мигранттар куруп алган лагер.

Беларустун тиешелүү кызматтары Польша менен чектешкен тилкелерде мигранттар сууктан корголоп колго жасап алган алачыктарды алып, биротоло тазалаганы кабарланды.

Чек аранын боюнда турган 2 миңден ашуун мигрант Беларустагы логистикалык кампанын ичине жайгаштырылды. Мигранттардын мекенине кайтууга макул болгондору 18-ноябрда Иракка атайын учак менен чыгарылып кеткен.

Бирок Польшанын Коргоо министрлиги мурдагы күнү аскерлер менен мигранттар кагылышкан өткөрмө жайдын жанында дагы деле жүздөгөн адам менен алачыктар турганы тартылган видеону жарыялады.

Буга чейин поляк аскерлери 100гө жакын мигрантты кармаган. Варшаванын ырастоосунда, Беларустун коопсуздук күчтөрү мигранттарга чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө жардам берген. Польшанын Коргоо министрлиги беларус күчтөрү чалгындоо иштерин жүргүзүп, андан соң чек ара тосмолорун бузуп, зыян келтиргенин билдирди.

Ирактын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кризис башталгандан берки биринчи эвакуациялык рейс менен 431 ирактык мигрант Минскиден Iraqi Airways авиакомпаниясынын учагы менен мекенине кайтарылды.

Учак Ирактын түндүгүндөгү Күрдистан автономиясынын борбору Эрбилге токтоп, андан ары Багдадга учуп кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG