Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Варшава: миграциялык кризис Европаны туруксуз кылууга багытталган


Беларус-Польша чек арасындагы мигранттар
Беларус-Польша чек арасындагы мигранттар

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки белорус-поляк чек арасындагы миграциялык кризисти “кансыз согуштан берки Европаны туруксуздаштырууга багытталган эң ири аракет” деп атады.

21-ноябрда Моравецки беларус лидери Александр Лукашенко Евробиримдикке каршы “гибриддик согушту” баштаганын Twitter баракчасына жазды.

Ошол эле күнү поляк бийлиги беларус тараптан 100гө жакын "өтө агрессивдүү" мигранттар тобу чек араны кесип өтүүгө аракет жасаганын билдирди.

Польшанын коргоо министри Мариуш Блащактын 20-ноябрдагы билдирүүсүнө караганда, Беларус бир эле учурда бир нече жерден чек араны кесип өтүүгө аракет кылган мигранттардын чакан топторун жөнөтүүдө.

21-ноябрда Моравецкий Латвия, Литва жана Эстониядагы кесиптештери менен жолугуп, миграциялык кризисти талкуулай турганы кабарланган.

Батыш Лукашенкону Беларуска мигранттарды алып келип, Польша менен чек араны кесип өтүүгө үндөп, “аларды курал катары колдонот” деп айыптаганан.

Беларус айыптоолорду четке кагып, Евробиримдикти мигранттарды кабыл алуудан баш тартканы үчүн сынга алууда.

Александр Лукашенко 19-ноябрда Би-Би-Сиге берген маегинде анын коопсуздук күчтөрү мигранттарга жардам берип жатканы " мүмкүн" экенин моюнуна алып, бирок анын өкмөтү аларды Беларуска алып келгенин четке какты.

«Мен аларды бул жакка чакырган жокмун», - деди ал.

Польша жайында миграциялык кризис башталгандан бери кеминде 11 мигрант ар кандай жагдайда каза тапканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG