Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Үгүт маалында диний маселени козгогон талапкерлерге айыппул салынды


Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Шайлообек Атазов менен Төлөнбай Нурбаевге 7500 сом айыппул салынды. Ушундай эле чечим Социал-демократтар партиясынын лидерлеринен бири Темирлан Султанбековго карата да чыгарылды. Алар үгүт маалында диний маселени козгоп, мыйзам эрежелерин бузганы айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бул маселени 21-ноябрда карады. Жумушчу топтун маалыматына караганда, Атазов менен Нурбаев 16-ноябрда шайлоочулар менен жолуккан учурда "мектепке жоолук салынууга каршы чыккандарды сот жообуна тартуу" демилгесин көтөрүп, мусулманчылыктагы эрежелер тууралуу сүйлөшкөн. Бул фактыны Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тастыктаган.

Аты аталгандар БШКнын чечимине комментарий бере элек.

"Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" Конституциялык мыйзамдын 28-беренесине ылайык, талапкер үгүт иштеринде диний мазмундагы чакырык же билдирүү жасабашы керек.

Атазов Оштун №8 Төлөйкан шайлоо округунан бир мандаттуу жарышта талапкер болуп катталган, Төлөнбай Нурбаев "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер. Алар Боршайкомдун чечиминин үстүнөн сотко кайрылууга укуктуу.

Социал-демократтардын лидерлеринин бири Темирлан Султанбеков Бишкектеги жыйындардын биринде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда түзүлгөн "Ыйман" фондунун ишин кайра жандантуу маселесин көтөргөн. Партиянын өкүлү мунун үгүткө тиешеси жоктугун билдирди.

Султанбеков өзү депутаттыкка талапкер эмес. Бирок ал лидер катары сүрөгөн партия ат салышып жаткандыктан, үгүт эрежелери бузулган деп табылды.

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда мамлекеттик кызматкерлердин республикалык кеңешмесинде сүйлөгөндө парламенттик шайлоого аттангандарга кайрылып, динди саясатка аралаштырбоону, үгүт өнөктүгүндө диний ишенимди колдонбоону эскерткен.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган. Динге негизделген саясий партия түзүүгө мыйзам жол бербейт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG