Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:30

"Фейсбук" Беларус КГБсынын фейк-аккаунттарын өчүрдү


Беларус менен Польшанын чек арасында уланып жаткан мигранттар кризисин тутандыруу үчүн колдонулган жасалма аккаунттардын атайын кызматка тиешеси бар экени ашкере болгонун "Фейсбук-Мета" компаниясы билдирди.

Компаниянын 2-декабрда тараткан билдирүүсүндө айтылгандай, өздөрүн Польша, Литва жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнөн келген журналисттер же активисттер катары тааныштырган адамдар социалдык тармакта жасалма-фейк акаунттарды колдонуп, Польшаны англис, поляк жана күрт тилдеринде сындашкан.

Батыш беларус лидери Александр Лукашенкону мигранттарды өлкөгө алып келип, андан соң аларды Евробиримдиктин мүчөлөрү Польша, Литва жана Латвиянын аймагына өткөрүү аркылуу "гибриддик согуш жүргүзүп жатат" деп айыптоодо.

"Биз бул иштерди Беларус менен Евробиримдиктин чек арасында уланып жаткан кризиске байкоо жүргүзүп, жасалма жүрүм-турумду аныктоо боюнча ички иликтөөбүздүн натыйжасында таптык жана аны Беларустун КГБсы менен байланыштары бар экенин аныктадык", - деп жазылган баяндамада.

Бул иш биринчи кезекте Жакынкы Чыгыштагы жана Европадагы аудиторияга багытталган. Ага "мигранттардын укуктарын бузган польшалык чек арачылар тууралуу сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялоо жана анын мигранттарга мамилесин башка өлкөлөргө салыштыруу кирген", - дейт "Мета" компаниясы.

Компания бул өнөктүккө катышкан 41 аккаунтту, беш топту, төрт Instagram аккаунтун өчүргөнүн билдирди.

Өнөктүктүн негизги учурлары быйыл октябрдын башында башталган.

Беларус бийлиги буга комментарий бере элек.

"Мета" ошондой эле Польшада түзүлүп, Беларус менен Ирактагы аудиторияны бутага алган "Фейсбуктагы" 31 аккаунтту, төрт топту жана төрт Instagram аккаунтун өчүрдү.

Аккаунттар мигранттардын Евробиримдикке мыйзамсыз кирүүсүнө бөгөт коюуга багытталганы айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG