Президент Садыр Жапаров президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын өзгөртүүлөрдү киргизди.
Президенттин жарлыгы менен Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамынан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору - Айтен Рустамова, Германиянын Кыргызстандагы элчиси - Габриэла Геллил, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси - Оливье Бангертер, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин "Укук булагы" долбоорунун директору - Фред Хьюстон чыгарылды.
Мамлекет башчысынын жарлыгы менен Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамына улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Камчыбек Ташиев, санариптик өнүктүрүү министри – Дастан Догоев, энергетика министри – Доскул Бекмурзаев, айыл чарба министри – Аскарбек Жаныбеков, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы – Артем Новиков, Евразия өнүктүрүү банкынын директору – Нурлан Акматов киргизилди.
Ишкердик кеңеш быйыл июль айында түзүлгөн. Ага мамлекеттик органдардын, бизнес ассоциацияларынын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү мүчө.
16-ноябрда мамлекет башчысы Садыр Жапаров президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйыны резолюция менен жыйынтыкталып, өлкөнүн коррупцияга каршы стратегиясынын концепциясын негиз катары кабыл алуу, жумуш тобун түзүп, 2021-2024-жылдарга карата стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу жана Коррупцияга каршы эл аралык күндү өткөрүү боюнча сунуштарды киргизүү тууралуу чечимдер кабыл алынган. (МТа)