Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:18

Өзбекстанда соода борборундагы жарылуудан эки адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

7-декабрга караган түнү Өзбекстандын түштүгүндөгү Сурхандарья облусунун Денов шаарындагы соода борборунда жарылуу болду. Анын кесепетинен эки адам каза таап, тогуз киши жаракат алганын Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Куткаруучулар кабарлагандай, жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 3:57де болгон. Сөз болуп жаткан имарат шаардын чок ортосунда жайгашкан эки кабаттуу “Инденим” соода борбору.

Жарылуу имараттын дубалдарын жарым-жартылай уратып, жалбырттаган өрттүн чыгышына алып келди. Жарылуунун эмнеден улам чыкканы азырынча айтыла элек.

"Жардыруудан тогуз адам жабыркап, шаардык ооруканага жеткирилди. Урандылардын астынан эки адамдын сөөгү табылды", - деп жазылган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чукул билдирүүсүндө.

Басма сөз кызматы билдиргендей, өрт өчүрүүчүлөр келгенден кийин жарым саат өтпөй өрт чектелип, толугу менен өчүрүлгөн.

Өзбек маалымат каражаттары окуя болгон жерге Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри Ачилбой Раматов баштаган өкмөттүк комиссия келгенин кабарлады. Ошондой эле, анда бийлик окуянын себептери боюнча маалымат бере электиги айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG