Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Шаардык сотто Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасы каралбады


Асылбек Жээнбеков.
Асылбек Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Кумтөр иши" боюнча камакта отурган Асылбек Жээнбеков Бишкек шаардык сотуна алынып келген жок. Бүгүн, 8-декабрда Жээнбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын арызы каралышы керек болчу.

"Белгисиз себептер менен алынып келген жок. Жогорку Кеңештин кабыл алган чечимин айттым. Парламент чечимди бербей коюшту. Баш коргоо чарасын сот аныктагандан кийин тараптардын өтүнүчүнүн негизинде каралышы керек болчу. Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдук бербей койгондуктан баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй, алынып салынышы керек эле", - деди Жээнбековдун адвокаты Калыбек Жамангулов.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров качан тергөө абагынан бошотулары тууралуу маалымат берген жок.

Жогорку Кеңеш Башкы прокуратурага экөөнү тең жоопко тартууга уруксат берген жок.

Убактылуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечиминде "кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө киргенине байланыштуу Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров атайын кызматтын тергөө абагынан токтоосуз бошотулууга тийиш" деп айтылат.

Депутаттар "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.

1-декабрга чейин иштеген “Жазык-процесстик кодекстин” талаптарына ылайык аларды жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштама жөнөткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG