Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:16

АКШнын мамдепартаментинин өкүлү Москвага жана Киевге барат


Карен Донфрид
Карен Донфрид

АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысы Карен Донфрид Орусияга, Украинага жана Бельгияга барат. Донфрид Москвада жана Киевде Украинанын чек арасында аскердик күчтөрдүн топтолуп жатканын талкуулайт. Ал Кошмо Штаттар Украинанын "суверенитетин, көз карансыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдоорун» билдирет.

Брюсселде НАТОдогу өнөктөштөрү менен Донбасстагы жаңжалды дипломатиялык жол менен жөндөөнүн, Минск макулдашуусунун аткарылышын талкуулайт. Бул тууралуу Мамлекеттик департамент билдирди.

Донфриддин сапарынын алдында АКШ менен Орусиянын президенттери видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөн. 7-декабрда Жо Байден менен Владимир Путин өз администрациясына Украинанын тегерегиндеги кырдаалды талкуулоону улантууну тапшырган.

Вашингтон НАТОдогу өнөктөштөрү менен орус-украин чек арасындагы кырдаалга тынчсызданууда. Орусия чек арага "жүз миңдей аскерин койду" деген маалыматты Москва кескин четке кагат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG