Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:30

Путин АКШ менен НАТОну тез арада сүйлөшүүгө чакырды


Владимир Путин, Орусиянын президенти.
Владимир Путин, Орусиянын президенти.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага жакын чек арада чыңалуу күчөгөн шартта АКШ жана НАТО менен коопсуздук кепилдиги тууралуу “тез арада” сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштады.

Путин 14-декабрда финляндиялык жана франциялык кесиптештери менен телефондон сүйлөшкөндө бул талабын кайра кайталаганын Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.

Украина менен Батыш Орусиянын чек арага жакын жерде аскерлерин топтоп, аскер кубаттуулугун арттырып жатканын айыпташкан.

Орусиянын расмийлери Москванын кандайдыр бир чабуулга даярданып жатканын четке кагып, тескерисинче, Украинаны чагымчылдыкка айыптады.

Ошол эле кезде Орусия тарап аскер күчтөрүн өз өлкөсүнүн аймагында каалаган жерге жылдырууга укуктуу экенин билдирген.

14-декабрда Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен байланышканда Путин “АКШ жана НАТО менен тез арада сүйлөшүүлөрдү баштоо зарыл экенин кайталады", - деп айтылат Кремл тараткан маалыматта.

Тараптар бул телефондук сүйлөшүүдө Украинадагы кризисти талкуулашты.

Кремл Путин француз кесиптеши Эммануэл Макрон менен ошол эле күнү телефон аркылуу байланышып, Москва НАТОнун чыгышка карай кеңейүүсүнө жол бербөө үчүн Батыш менен токтоосуз сүйлөшүүлөрдү баштоону каалай турганын айтканын кабарлады.

Путин өткөн аптада АКШ президенти Жо Байден менен болгон телекөпүрөдө жана 13-декабрда Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө да ушундай пикирин айткан.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери 13-декабрда Брюсселде чогулуп, Москва Украинага жаңы аскерий чабуул баштаса, ага каршы санкция чараларын координациялоо планын талкуулашты.

Орусия 2014-жылдын мартында Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган. Евробиримдик Москва Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогону үчүн айыптаган. 13 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алган жаңжал тутантканы үчүн бир нече жолу санкцияларды киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG