Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Чүйдөгү айланма жолдун жээгиндеги ири өрт өчүрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдөгү айланма жолдун жээгинде чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, бүгүн, 21-декабрда кечке маал 6 гектар жердеги кургаган чөп, бак-дарактар күйгөн. Ага үч өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды.

Буга чейин социалдык тармактарда Чүйдөгү айланма жолго жакын жердин алоолонуп күйүп жаткан видеолору тараган болчу.

Учурда ӨКМ өрт эмнеден чыкканын тактап жатат.

Бүгүн Бишкекте эртең менен саат 8:00гө жакын күйүүчү-майлоочу май сакталган жеке менчик үйдүн биринде өрт чыккан. Андан кошуна жайгашкан үйлөр дагы жабыр тартканы белгилүү болду.

Кыргызстанда жыл башынан тартып үч миңдей өрт кырсыгы катталып, 40ка чукул киши каза болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG