Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт


Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 28-29-декабрда абанын температурасы төмөндөйт. Туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

28-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5,

Талас облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5,

Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн -6...-11, күндүз -4...1,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5,

Нарын жергесинде түнкүсүн -18...-23, күндүз 3...8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -5...-10°.

Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Түнкүсүн -4…-6, күндүз 2…4° жогору болот.

XS
SM
MD
LG