Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 19:14

АКШ космоско жаңы телескоп учурду


Ariane 5 ракетасы бортунда НАСАнын "Жеймс Уэбб" космостук телескобун учурду.

АКШнын НАСА космостук агенттиги "Жеймс Уэбб" телескобун космоско учурду. Бул жабдуу Франциянын Гвиана аймагындагы Куру космодромунан учурулду.

Аталган аппарат аалам мейкиндигин инфракызыл жана оптикалык диапазондо изилдеп, бул галактикалардын эволюциясы жөнүндө көп нерсени ачып бере турганы айтылды.

Мындан тышкары, "Жеймс Уэбб" алыскы планеталардын атмосферасын изилдейт. Бул маселе илимпоздор үчүн алардын жашоого ылайыктуу экенин түшүнүүгө жардам берет.

Төрт жуманын ичинде телескоп жерден бир жарым миллион чакырым алыстыкта жайгашкан экинчи Лагранж чекити деп аталган жерге жылып барат.

Андан кийин, бир нече айдын ичинде, ал аспаптарды калибрлөө этаптарынан өтүп, биринчи сүрөттөр ишке киргизилгенден кийин бир жарым жылдай кабыл алынат.

Телескопту түзүү менен окмуштуулар 30 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келишкен.

Космостук аппаратты жасап чыгуу НАСАга 10 миллиард долларга түшкөн. Бул болжолдуу чыгымдан 20 эсе көп.

"Жеймс Уэбб" мурунку "Хаббл" телескобунун ордун алмаштырат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG