Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:25

Алматы шаардык соту 13 активисттин апелляциялык арызын кароодо


Алматы шаарынын соту. 28-декабрь, 2021-жыл.
Алматы шаарынын соту. 28-декабрь, 2021-жыл.

28-декабарда Нур-Султанда жарандык активисттер Асия Бакаева жана Аскар Сембай Жогорку соттун имаратынын жанына пикетке чыгышты. Алар Алматы шаардык соту апелляциялык арыздарын карап жаткан 13 активистти актоону талап кылышты. Бакаева менен Сембай саясий туткундарды азат кылууга, куугунтукту токтотууга чакырган жана “Желтоксон-Жаңы-Өзөн! Унутпайбыз, кечирбейбиз!” деген плакаттарды көтөрүп турушту.

Алардын айтымында, акцияга он чакты киши катышмак, бирок коопсуздук кызматынын адамдары айрымдарын көчөдө “күтүп” турушканы үчүн активисттер сыртка чыга алышкан жок. Райондук акимиаттын өкүлү пикет мыйзамсыз өтүп жатканын айтып, катышуучулар тарабаса, жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Алматы шаардык соту шейшембиде 13 активисттин апелляциялык арызын карап баштады. Алар октябрда “тыюу салынган уюмдун ишине катышуу” беренесинин негизинде соттолгон. Айып “Казакстандын демократиялык тандоосу” (бозгундагы казак бизнесмени жана оппозиционер Муктар Аблязов негиздеген) кыймылын жана “Көше" партиясын “экстремисттик” деп таануу жана аларга тыюу салуу чечимине байланыштуу тагылган. Европа парламентинин резолюцияларында алар оппозициялык тынч уюмдар деп аталган.

Сот имаратына жакын жерге активисттер, укук коргочулар, айыпталгандардын жакындары чогулуп, алар саясий көз караштары үчүн жазаланып жатканын айтышты.

Казак бийлиги саясий куугунтук жана саясий туткундар жөнүндөгү дооматтарды четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG