Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

29-декабрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы ант берет


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку сот "Альянс" партиясынын арызын карап, аны партиянын пайдасына чечти. Соттун бул чечими Жанарбек Акаевдин мандат алуусуна жол ачат. Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын бир мандаттуу Чүй - Кемин округунан эң көп добуш алган Медербек Саккараевдин каттоосун жокко чыгарган чечимин колдогон жок.

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланат. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалды.

28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо жаңы аралаш система менен өттү. Азыркы 120 депутаттын ордуна VII чакырылышта 90 эл өкүлү болот. (МТа)

XS
SM
MD
LG