Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Өзбекстандыктарды АКШга мыйзамсыз жөнөтүүнү убада кылгандар кармалды


АКШ - Мексика чек арасынан өтүп жаткан мигранттар. Техас. 8-июль, 2021-жыл.
АКШ - Мексика чек арасынан өтүп жаткан мигранттар. Техас. 8-июль, 2021-жыл.

Өзбекстандын Коопсуздук кызматы АКШга мыйзамсыз жолдор менен жөнөтүүнү убада кылгандар кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, кармалган эки жаран Самарканддын тургундарынын ар биринен 30 миң доллар талап кылышкан.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө ылайык, алар өзбекстандыктарды АКШга "Өзбекстан - Түркия - Боливия - Колумбия - Мексика - АКШ" маршруту менен жөнөтүшмөк.

"Кетчү жарандарга жолго чыгардын алдында ПЧР тесттин жыйынтыгын, эсебинде 4000 миң доллары бар картаны алып, Колумбияда Амазонка дарыясын кечип өтүүдө жана Мексика токойлорун аралап баратканда инструкторлордун талаптарын кынтыксыз аткарууну түшүндүрүшкөн", - деп жазылат билдирүүдө.

Операция маалында кармалгандардын жанынан 60тай жарандын паспортторунун көчүрмөсү табылган. Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

10-декабрда Өзбекстандын эмгек миграция боюнча агенттиги Америка - Мексика чек арасынан мыйзамсыз өтүп бараткан төрт өзбекстандык кармалганын билдирген. Алардын андан аркы тагдыры эмне болгону белгисиз.

Соңку жылдары Мексика аркылуу АКШга кирүүнүн амалын издеп жүргөн жүздөгөн кыргызстандыктардын окуялары тууралуу "Азаттык" жакында жазган.

“Америка кыялына” жетеленген мекендештердин айрымдары максатына жеткени менен дээрлик көпчүлүгү миңдеген доллардан кол жууп, кайра Бишкекке кетүүгө мажбур болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG