Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:14

Кадыров ата-энеси менен чогуу "эмгек сиңирген укук коргоочу" деп жарыяланды


Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

Орусиядагы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров, анын атасы Ахмат Кадыров жана апасы Аймани 31-декабрда республиканын “эмгек сиңирген укук коргоочусу” деп жарыяланды. Тиешелүү буйрукка аймактын Акыйкатчысы Нурди Нухажиев кол койгонун "Грозный" республикалык телеканалы билдирди.

Акыйкатчы салтанаттуу сөзүндө Кадыровдордун үй-бүлөсүнүн "адам укуктарын жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон зор салымын" белгиледи.

Бул иш-чарага Чеченстандын башчысы жана анын апасы катышкан жок. Бул билдирүү соңку апталарда Кадыровду сындагандардын жакындары барымтага алынганы тууралуу маалыматтар тарагандан кийин жасалды.

Алты адам өздөрүнүн үй-бүлө мүчөлөрү жоголгонун кабарлашты. Алар укук коргоочулар - Абубакар Янгулбаев, Мансур Садулаев жана Аслан Арцуев, ошондой эле оппозициячыл чечен блогерлери Тумсо Абдурахманов, Хасан Халитов жана Минкайл Мализаевдин дайынсыз жоголгону айтылды.

АКШ 2020-жылдын жай айларында Рамзан Кадыровду адам укуктарын одоно бузганы үчүн санкциялык тизмеге киргизген. Бул Чеченстанда кумсалардын жапырт кармалышы жана аларды кыйноолор тууралуу маалыматтар ачыкка чыккандан кийин болду. Санкциялар анын жубайы Медни Кадырова менен кыздары Айшат жана Карина Кадыровага да тиешелүү.

Санкциялардын арасында өлкөгө кирүүгө жана бизнес байланыштарга тыюу салуу, ошондой эле АКШдагы активдерди камоо чаралары кирет.

Кадыровго АКШдан тышкары экономикалык санкцияларды Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү да киргизген.

Кадыровдун улуу кызы Айшат Чеченстандын маданият министри кызматын ээлеп, ага чейин "Адам укуктарын коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган.

2000-2004-жылдары республиканы жетектеген Рамзан Кадыровдун атасы Ахмат Кадыров 2004-жылы май айында Грозныйда терактыдан каза болгон.

1996-жылга чейин орус аскерлерине каршы согуштук аракеттерге катышып, кийин Москва тарапка өткөн.

Кадыровдун ата-энесинин урматына республикадагы эң чоң эки мечит – “Чеченстандын жүрөгү” жана “Эне жүрөгү” деп аталды.

Грозныйдын футбол клубу (баштапкы аты Терек), республикадагы мектептерден тартып электр станцияларына чейин көптөгөн башка объектилер да Кадыровдун ысымын алып жүрөт.

Би-Би-Си радиосу Чеченстанда Рамзан Кадыровдун жана анын жакындарынын урматына 350дөн ашык көчө аталганын эсептеп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG