Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:46

Президент Жапаров чет өлкөлүктөрдү Кыргызстанда лыжа тебүүгө чакырды


Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен.
Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жана чет өлкөлүктөрдү Кыргызстандагы кышкы туризмге чакырды. 1-январда мамлекет башчы Ысык-Көл облусундагы Каракол тоо лыжа базасында лыжа тээп жүргөн жеринен кайрылуу жасады.

"Мен чет өлкөлүк досторду, конокторду кышкы туризмге чакырамын. Бардык шарттар бар, келип эс алып кетиңиздер”.

Жапаров Каракол тоо лыжа базасы дүйнөдөгү ондукка кирген база экенин, трассанын узундугу 4,5 чакырымды түзөрүн белгилеген. Андан тышкары Чүй өрөөнүндө Орловка, ЗИЛ, Нооруз, Кашка-Суу жана Чуңкурчак деген тоо лыжа базалары бар экенин айткан.

Кыргызстанда 23 лыжа базасы бар, учурда анын 17си иштейт. Кышкы эс алууга ылайыкташкан жайлар негизинен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG