Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Жаңы-Өзөндүн тургундары газдын кымбатташына каршы акцияга чыгышты


Казакстан. Жаңы-Өзөндө газдын кымбатташына нааразы тургундар мэриянын алдына чыгышты. Мангыстау облусу. 2-январь, 2021-жыл.
Казакстан. Жаңы-Өзөндө газдын кымбатташына нааразы тургундар мэриянын алдына чыгышты. Мангыстау облусу. 2-январь, 2021-жыл.

Казакстандын Мангистау облусундагы мунай шаарчасы болгон Жаңы-Өзөндүн жүздөгөн тургуну 2-январда акимчиликтин алдына газдын кымбатташына каршы акцияга чыгышты.

Автоунаалардын көбү газ менен жүргөн шаарда нааразылык акциясына чыккандар борбордук көчөлөрдүн бирин бөгөп, жол кыймылын токтотуп салышты.

Жаңы-Өзөндүк жарандык активист Серик Бактыбайулы алар суюлтулган газдын баасын бир литрин 50 теңгеге чейин түшүрүүнү талап кылышарын билдирди. Анын айтымында, 31-декабрда шаарда суюлтулган газдын баасы 100 теңге болсо, 1-январдан тарта 120 теңгеге көтөрүлгөн.

"Былтыр пандемия маалында газдын баасы литри 38 теңге болгон, андан кийин 50 теңгеге, андан кийин 79-80 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Шаардагы май куюучу жайлардын алдында унаалар бир нече күндөн бери кезекте турат. Бирок газ жок. Эми 120 теңгеге чейин көтөрүштү. Баардык станцияларда газ пайда болду, кезек жок. Бирок калктын газ сатып алууга чамасы жок”, - дейт митингди "Фейсбукта" түз эфирде көрсөткөн жарандык активист.

Бактыбайулунун айтымында, митингге келгендердин арасында унаасы жоктор, айдоочулар, карапайым тургундар да бар.

"Машинеси жок адамдар да келишти. Анткени алар газдын кымбатташы эртең керектөө товарларынын, азык-түлүктүн кымбатташына алып келет деп эсептешет, - дейт ал.

Жаңы-Өзөн шаарында чогулгандар облус акими Нурлан Ногаев менен шаар акими Максат Ибагаровду бааны турукташтыруу жана күйүүчү майдын тартыштыгын болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө чакырышты.

Митингчилерге акимдин милдетин аткаруучу Галым Байжанов чыкты. Анын айтымында, Ибагаров азыр эмгек өргүүдө. Чиновник чогулгандардан талаптарды жазуу түрүндө акимчиликке тапшырууну суранды. Буга нааразы болгондор ал жакка кат жөнөтүшкөнүн, жыйынтык чыкпаганын айтыштф.

"Азыр эч кандай комментарий бере албайм, газдын баасын жөнгө салуу акимчиликтин компетенциясына кирбейт. Биз жөн гана байкоо жүргүзөбүз. Көрдүңөрбү, жолду тосушту", - дейт Галым Байжанов.

Жергиликтүү аткаминерлер митинг өткөрүү үчүн тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, алдын ала акимчиликке билдирүү жөнөтүү керектигин, антпесе митинг мыйзамсыз деп эсептелерин эскертишти.

2020-жылдын январь айында дагы тургундар көгүлтүр отундун баасын арзандатууну талап кылган акцияга чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG