Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Канада: Орусия менен Чехиянын хоккейчилери учактан чыгарылды


Орусиянын хоккей боюнча жаштар командасы ишемби күнү дүйнөлүк чемпионат өткөн Канаданын Калгари шаарынан Европага уча алган жок.

Кураманын оюнчулары менен машыктыруучулары беткап кийүү эрежесин бузганы жана учакка отурганда тамеки тартканы үчүн учууга тыюу салынды.

Ошондой эле Чехиянын курама командасы дагы толугу менен учактан алынып салынды.

Орусия курамасынын башкы машыктыруучусу Сергей Зубов эки команданын тең айрым спортчулары беткаптарды туура эмес кийгенинен улам ушундай болгонун Match TV телеканалына билдирди.

Чехиянын жаштар курама командасынын менеджери Отакар Черни мындай кырдаал орусиялык хоккейчилердин жүрүм-турумунан улам келип чыкканын маалымдады. Анын айтымында, спортчулар спирт ичимдигин көп ичип алып, тазалык эрежелерин сакташкан эмес.

Чехиялык Sport.cz. сайты жазгандай, орус курамасынын мүчөлөрүнүн бири аэропорттон учакка бараткан маалда отургучта тамеки тарткан. Ал эми учактын экипажы чехтерди орустардан айырмалай албагандыктан, аларды дагы рейстен алган.

Ошол эле кезде орусиялык спорт журналисти Павел Лысенков чехиялыктар мас абалда болгонун билдирди. Орусиялыктардын башкы машыктыруучусу Сергей Зубов тамеки чеккенин журналист Telegram баракчасында билдирди. Муну орусиялык «Известия» гезитинин анонимдүү булагы да ырастаган. Зубов тамекини таштаганына үч жыл болгонун айткан.

Орусиялык курама команда кийинки рейс менен учуп кетүүгө үлгүрдү.

Отакар Чернинин айтымында, Air Canada компаниясы чех командасынан кечирим сурап, 1-январда мейманкана менен камсыздап, кураманын Франкфурт шаарына учуусун уюштуруп берген.

Турнирдин жүрүшүндө оюнчулар хоккей аянтчасында беттешкен эмес. Спортчулар жапырт коронавирус жуктуруп алганына байланыштуу мелдеш болбой калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG