Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Өзбекстан Ооганстанга электр өткөрүүчү линиянын курулушун жандантат


Ооганстан. Өзбекстандан Ооганстанга өткөн жогорку чыңалуудагы электр линиясы.
Ооганстан. Өзбекстандан Ооганстанга өткөн жогорку чыңалуудагы электр линиясы.

Өзбекстандын Улуттук электр тармактар компаниясы билдиргендей, өзбек жана "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөттөрүнүн расмий өкүлдөрү Ташкентте "Сурхан-Пули-Хумри" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын курулушун кайрадан баштоону талкуулашты.

Эки тараптын жолугушуусу 30-декабрда болгону кабарланды.

"Сурхан-Пули-Хумри" электр берүү линиясынын курулушу аяктагандан кийин Өзбекстандын Ооганстанга сатчу электр энергиясынын көлөмү көбөйө турганы көрсөтүлгөн.

Азыр жалпы узундугу 201 чакырымды түзгөн электр линиясынын 45 чакырымдык бөлүгүндө курулуш иштери жандана турганы белгиленди.

Бул электр берүү тармагынын курулушу 2021-жылы жайында талибдер менен ооган өкмөттүк күчтөрүнүн ортосунда согуштук аракеттер күчөгөн маалда токтотулган.

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен Ооганстандын мурдагы өкмөтү 2020-жылы 20-октябрда Кабулда Өзбекстандын делегациясынын катышуусу менен жалпы наркы 110 миллион доллар турган "Сурхан-Пули-Хумри" линиясын курууну каржылоо боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшкан.

Өзбекстан Ооганстанга электр энергиясын эң көп көлөмдө жеткирүүчү өлкө. Бул келишимге ылайык, Өзбекстан 10 жыл бою Ооганстанга жыл сайын 6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын сатууга милдеттеме алган.

XS
SM
MD
LG