Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Казак бийлиги Жаңы-Өзөндө газ арзандабай турганын билдирди  


Жаңы-Өзөндөгү 2-январдагы акциядан бир көрүнүш.
Жаңы-Өзөндөгү 2-январдагы акциядан бир көрүнүш.

Казакстандын Маңгыстау облусундагы Жаңы-Өзөн шаарчасындагы суюлтулган газдын кымбатташына нааразы болуп акция өткөрүп жаткан тургундарга бийлик жооп берди. Энергетика министрлиги жана облустук бийлик тараткан билдирүүлөрдө Казакстанда газга болгон баа өсүп жатканы, бааны арзандатуу мүмкүн эместиги белгиленген.

«60 теңгелик мурдагы бааны кайтаруу мүмкүн эмес. Анткени, биржада бир литр газ үчүн баа 70-85 тыйынды түзөт. Буга ташуу үчүн операциялык чыгымдар кошулган эмес», -деп айтылат облустук бийликтин билдирүүсүндө.

2-январда Жаңы-Өзөндүн жүздөгөн тургуну акимчиликтин алдына газдын кымбатташына каршы акцияга чыгышкан. Автоунаалардын көбү газ менен жүргөн шаарда нааразылык акциясына чыккандар борбордук көчөлөрдүн бирин бөгөп, жол кыймылын токтотушкан. Акцияга чыккандар суюлтулган газдын баасын бир литрин 50 теңгеге чейин түшүрүүнү талап кыларын билдиришкен. Алардын айтымында, 31-декабрда шаарда суюлтулган газдын баасы 100 теңге болсо, 1-январдан тарта 120 теңгеге көтөрүлгөн.

2020-жылдын январь айында да тургундар көгүлтүр отундун баасын арзандатууну талап кылган акцияга чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG