Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Тепкеде мектеп окуучуларынын сабалышы боюнча жыйын өтүп жатат


Жыйынга катышкан айыл тургундары. 3-январь, 2021-жыл
Жыйынга катышкан айыл тургундары. 3-январь, 2021-жыл

Ак-Суу районундагы Тепке айылында 3-январда мектеп окуучуларынын сабалышы боюнча айылдык жыйын өтүүдө. Бул тууралуу жыйынга көз салып жаткан "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдирди. Анда айыл тургундары 31-декабрда 9-класстын окуучуларын ур-токмокко алган коңшулаш Курбу айылындагы балдарды аныктап, мыйзам чегинде жазага тартууну талап кылышты.

Сабалган балдардын биринин энеси Мейилкан Ибраева окуянын чоо-жайын "Азаттыкка" айтып берди:

"Балам 31-декабрда классташтары менен көчөгө чыккан. Ал жана дагы бир классташы дүкөнгө торт алганы бара жатса автоунаа менен он чакты бала токтотуп, союл менен сабашыптыр. Эсин жоготуп жыгылган баланы колун байлап, көчөгө таштап кетиптир. Учурда мээси чайкалып ооруканада жатат. Муну кылгандар коңшулаш Курбу айылынын тургундары экени айтып жатышат",-деп билдирди.

Ысык-Көл облустук милициясы окуянын орун алганын "Азаттыкка" ырастады. Органдын маалыматы боюнча, бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Милиция мектеп окуучуларын сабагандар Курбу айылынын тургундары экени аныкталганын, бирок жабырлануучулардын жакындары арыз жазуудан баш тартышканын кабарлоодо. Ошондой эле бул окуяда трамватикалык курал колдонулганы такталбаганы билдирди.

Буга чейин Тепкенин тургундары окуяда травматикалык курал колдонулганын айтышкан. Аларды сабады деп айтылып жаткан Курбу айылынын тургундары комментарий берише элек.(BkA/KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG