Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Reuters: Орусия Идлибге сокку урду


Сирия, декабрь, 2021-жыл.
Сирия, декабрь, 2021-жыл.

2-январда орусиялык учактар Сириянын Идлиб шаарынын чет жакаларына чабуул жасады. Бул тууралуу оппозициядагы булактарга таянып Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, аскердик учактар бир нече калктуу конушка жана суу алуучу станцияга бомба таштаган.

Анын кесепетинен Идлибди таза суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады.

Reuters агенттиги Идлибдин батышында жайгашкан убактылуу лагерлер жабыркаганын жазды. Ал жерден аял жана эки бала өлгөнү айтылууда. Агенттик ткөн жылдын ноябрь айынан бери бул жерге абадан сокку урулбаганын кошумчалаган.

Бул маалыматты расмий түрдө эч бир тарап ырастай элек.

Буга чейин президент Башар Асад көзөмөлдөгөн Сириянын армиясы жихадчылардын баш калкалоочу жайларына гана сокку уруп жатканын кабарлаган.

Орусиялык аскерлер Идлиб аймагында сириялык жоокер көзгө атардын огунан жарадар болгонун билдиришти. Алардын айтымында, аскерге исламчылар ок чыгарган болушу мүмкүн.

Ал эми Сириянын SANA агенттиги өз булагына таянып, “Ислам мамлекети” террордук тобу өкмөттүк күчтөрдүн колоннасына кол салганын кабарлады. Маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, беш аскер каза болуп, 20сы жарадар болгон.

Бул окуя Сириянын чыгышындагы мунай станциясынан 50 чакырым алыстыктагы чөлдө болгон.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдын жазында Башар Асаддын режимине каршы көтөрүлүш менен башталган. Анын кесепетинен 400 миңдей адам согуштун курмандыгы болуп, миллиондогону качкынга айланган.
Чыр-чатактын катышуучулары ар башка мамлекеттерден аскердик жардам алып турушат. Орусия менен Иран Сириядагы Башар Асад жетектеген өкмөттүк күчтөргө колдоо көрсөтүүдө.

Сириянын оппозициясы жардамды Батыштан, Түркиядан жана Перс булуңундагы мамлекеттерден алат.

XS
SM
MD
LG