Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

Кызыл аянттан мүрзөлөрдү жана Лениндин сөөгүн алып салуу сунушталды


 Эл Иосиф Сталиндин мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышууда.
Эл Иосиф Сталиндин мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышууда.

Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Борис Чернышов Москванын Кызыл аянтындагы Кремлдин алдындагы чоң көрүстөндү (некрополду) алып салууну, мавзолейдеги Лениндин сөөгүн жерге берүүнү сунуштады.

ЛДПР депутатынын айтымында, СССРдин мурдагы жетекчилеринин жана совет доорунун башка көрүнүктүү инсандарынын мүрзөлөрү башка жакка көчүрүлүшү керек.

«Мунун баарын [көмүү] мүмкүн, бирок Кызыл аянтта эмес. Анткени бул жерге муз тебүүчү аянтчалар жана соода аянтчалары орнотулган. Жаңы жыл тоскон, адамдар сейилдеп жүргөн жерге акаарат келтирүү. Бул жерге адамдар аймактардан келишет», - деди Чернышов "РИА Новости" агенттигине берген комментарийнде.

Кремлдин мүрзөлөрүн которуу маселеси коомчулукта бир канча жолу талкууга алынган.

Лениндин сөөгүн мавзолейден алып чыгып, кайра көмүү зарылдыгы тууралуу талаш-тартыштар 1989-жылы эле башталган.

СССР эл депутаты Юрий Карякин Ленин өзү анын сөөгүн энесинин бейитинин жанындагы көрүстөнгө коюуну каалагандыгын айткан. Бирок, ага эч бир документалдык далил болгон эмес.

Орус оппозициясынын өкүлдөрү Лениндин сөөгүн жерге берүү боюнча бир нече жолу сунуш киргизген. 2020-жылдын сентябрында Орусиянын Архитекторлор Союзу Лениндин сөөгү жок мавзолейдин эң мыкты концепциясына сынак жарыялаган.

Коммунисттик партиянын лидери Геннадий Зюгановдун “бул ыплас чагым” деген сынынан кийин сынак жокко чыккан.

Орусиянын президенти Владимир Путин Лениндин сөөгүн жерге берүүгө каршы экенин билдирген. Ал "коомду бөлүп-жарбоо үчүн бул маселеге кылдат мамиле жасоого" чакырган.

Ноябрдын ортосунда Москва патриархатынын тышкы чиркөө байланыштары бөлүмүнүн башчысы, Волоколамск митрополити Иларион бальзамдалган дененин борбор калаанын так ортосунда жатышын “өткөндүн калдыктары” деп атаган жана Орусия жакынкы келечекте советтик лидердин сөөгүн көмүү боюнча мунаса табат деген үмүтүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG