Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:14

Маңгыстауда газ кайра 90 теңгеге арзандады


Жаңы-Өзөндө газдын кымбатташына нааразылык акциясы. Мангыстау облусу, 2-январь, 2022-жыл.
Жаңы-Өзөндө газдын кымбатташына нааразылык акциясы. Мангыстау облусу, 2-январь, 2022-жыл.

Борбордук бийликтин кийлигишүүсү менен бааны келишип алып, көтөрүү фактысы боюнча иликтөө башталды.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өкмөт «Жаңы-Өзөндөгү кырдаал боюнча чара көрө турганын» билдирди.

“Суюлтулган газдын баасын жөнгө салуу боюнча чараларды ишке ашырууга бел байлады, ал эми Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттиги май куюучу жайлардын кожоюндарына карата бааны өз ара сүйлөшүп алуу фактысы боюнча иликтөө иштерин баштады", - деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Маңгыстау облусунун май куюучу жайларынын ээлери бизнестин социалдык жоопкерчилигин эске алуу менен газдын литрин 120 теңгеден 85-90 теңгеге чейин арзандатуу чечимин кабыл алышты.

"Бул маселеде газдын баасы кызыл кулактык менен көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча системалуу чаралар көрүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда бийлик тарабынан “коомдук тартипти бузууга байланыштуу окуяларга укуктук баа берүү” чаралары да көрүлө турганы кабарланды.

Жаңы-Өзөн шаарында жана Маңгыстау облусунун бир катар айылдарында 2-январдан бери жүздөгөн тургундар суюлтулган газдын кымбатташына каршы нааразылык акцияларына чыгышууда.

Күйүүчү газдын кымбатташын бийлик кечээ "рыноктун абалы жана суроо-талаптын көбөйүшү" менен түшүндүрүп, "мурунку 60 теңге кайтарылбайт" деп кошумчалаган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев андан мурда өкмөткө Жаңы-Өзөндөгү кырдаалдын экономикалык максатка ылайыктуулугун эске алуу менен тез арада укуктук жагын карап чыгууну тапшырган.

"Демонстранттар коомдук тартипти бузбашы керек" деп жазды президент өзүнүн Twitter баракчасына.

Жаңы-Өзөндөгү нааразылык акцияларын колдоп, башкалаа Нур-Султан шаарында дагы эл аянтка чыгып, бирок полиция аларды кармап кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG