Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Жаңы-Өзөндө саясий талаптар айтыла баштады


Жаңы-Өзөн. 3-январь, 2021-жыл.
Жаңы-Өзөн. 3-январь, 2021-жыл.

Жаңы-Өзөндөгү нааразылык акциясына жүздөгөн адамдар катышууда. Алар шаардык мэриянын имаратына келип, борбордук аянттагы жол кыймылын жаап салышкан.

Бул аймакта көпчүлүк автоунаалар суюлтулган газ менен жүрөт.

Жаңы жылдын 1-январынан тарта анын 1 литринин баасы 120 теңгеге чейин көтөрүлдү. Жаңы-Өзөндүк жарандык активист Серик Бактыбайулунун айтымында, митингчилер бааны арзандатууну талап кылып жатышат. Өткөн жылдын башында газдын баасы литри 38 теңге болсо, кийин кескин кымбаттай баштаган.

31-декабрда шаарда газдын баасы 100 теңгеге жеткен.

"Газ чыгарабыз. Биздин туугандарыбыз өндүрүштө иштешет. Эмнеге алар чыгарган газ бизге жетпей жатат? Бул түшүнүксүз нерсе. Чет өлкөгө, Орусияга сатпасын. Алгач бизди камсыздашсын", - деди митингчилердин бири.

Чогулгандардын алдына акимдин милдетин аткаруучу Галым Байжанов чыгып, аким эмгек өргүүсүндө экенин айтып, тургундардын акциясы акимчилик менен макулдашылбагандыктан мыйзамсыз деп эсептелерин билдирди.

Ал дооматтарды жазуу жүзүндө билдирүүнү сунуштады.

Нааразы тарап газды арзандатуу талабы менен кошо шаар жана район башчыларын шайлоо жолу менен тандоо талабын айта башташты.

Жаңы-Өзөндөгү митингчилерге Казакстандын ар кайсы шаарларында колдоо көрсөтүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG