Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

“Нур Отан” партиясынан шайланган депутат өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылды


Берик Абдыгалиулы.
Берик Абдыгалиулы.

Бийликтеги “Нур Отан” партиясынын өкүлү, казак парламентинин депутаты Берик Абдыгалиулы Жаңы-Өзөндөн башталып, өлкөнүн ар аймактарында уланып жаткан жалпы нааразылык акцияларын колдоо ниетин билдирип, өкмөттөн “чукул саясий жана экономикалык чечимдерди” талап кылды.

"Газды баасынын өсүүсү себеп болгону менен, калктын нааразылыгынынын башкы себеби кымбатчылык, азык-түлүктүн баасы. Элдин талабы кымбатчылыкты токтотуу, токтото албаса маянаны көтөрүү керек. Ошондуктан газдын баасын төмөндөтүү менен гана чектелбөө керек. Чукул жана саясий жана экономикалык чечимдер кажет. Нааразылыкка жана кымбатчылыкка жол берген өкмөт кызматтан кетиши керек”,- деп жазды “Фейсбук” баракчасына.

2021-жылы 10-январында пропорционалдык система менен өткөн шайлоодо парламентке үч саясий партия: “Нур Отан”, “Ак Жол” жана “Казакстандык элдик партиясы” өткөн. Берик Абдыгалиулы экс-президент Нурсултан Назарбаев башкарып жаткан партиянын тизмеси менен депутат болгон. Эл аралык уюмдар бул шайлоону "демократия талаптарына ылайык өткөн эмес, чыныгы атаандаштык болбоду" деп сындаган. Шайлоо күнү нааразылыкка чыккандар кармалган.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да тарады. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат. 5-январга караган түнү Казакстандын акцияга чыккандар тарабай турушат, айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды.

Нааразылыкка чыккандарды полиция кармап кетүүдө. Шейшемби күнү Алматы шаарында эле 150дөй жаран кармалганы маалымдалды. Анын ичинде “Азаттыктын” казак кызматынын эки кызматкери кармалды. Алматы бюросунунун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Касым Аманжол кармалып, кайра бошотулду. Нур-Султан шаарында полиция кызматкерлери "Азаттыктын" редактору Дархан Омирбек автоунаага салып алып кетишкен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG