Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Коррупцияга шектелген прокурор үй камагына чыкты


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту пара алууга шектелип кармалган Октябрь райондук прокурорунун орун басары Алтынбек Айдаров үй камагына чыгарылганын тастыктады. Сот отуруму 10-январда өткөн.

Өткөн жылдын 17-ноябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Октябрь районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Айдаров пара алууга шектелип кармалганын билдирген. Атайын кызмат анда тергөөнүн алдын ала маалыматтарына таянып, шектүү кылмыш жоопкерчилигинен куткаруу үчүн милиция кызматкеринен 5 миң доллар талап кылганын ырастаган эле. УКМК шектүүнү тинтүү учурунда далил документтер жана паранын 200 миң сом акча каражаты табылганын маалымдаган. Айдаров УКМКнын тергөө абагына камалган.

Учурда шектүүнүн өзү же жактоочулары менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG