Бишкектеги Биринчи май райондук соту 30-декабрда мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевди "Кумтөр ишине" байланыштуу "коррупция" беренесине ылайык күнөөлүү деп тапканы белгилүү болду. Ага 300 миң сом айып пул чегерилди. Мурдагы премьер-министр жана анын адвокаттары буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Оторбаев былтыр сентябрь айында кармалган жана эки айдан кийин бөгөт чарасы өзгөрүп, үй камагына чыккан.
Ал кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары башкарган. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Оторбаевди премьер-министр кезинде "мыйзамдын талаптарын бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын "кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген" деп айыптаган.
"Кумтөр ишине" байланыштуу мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак берген. Айрымдары камалып, кээ бири тергөө менен кызматташканы үчүн, ошондой эле саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган.