Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Алихан Смаилов Казакстандын премьер-министри болду


Алихан Смаилов 5-январдан тартып премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан.
Алихан Смаилов 5-январдан тартып премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөт башчы кызматына Алихан Смаиловдун талапкерлигин парламентке сунуштады. Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин аны 89 депутаттын баары бир добуштан колдогонун билдирди. Смаилов 5-январдан тартып өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан.

Ага чейинки өкмөт башчы Аскар Мамин Казакстандагы соңку тополоңдого байланыштуу кызматтан алынган.

Казакстанда газдын баасынан улам тутанган нааразылык тополоң, башаламандык менен коштолгон.

Касым-Жомарт Токаев 11-январда соңку окуяларга байланыштуу түзүлгөн ыкчам штабдын онлайн жыйынын өткөрүп, анда күч органдарынын жетекчилери жана башкы прокурор маалымат берди.

Ага ылайык, өлкөдө антитеррордук операциялар башталгандан бери 400дөн ашык сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Адам өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мамлекеттик органдардын имаратына чабуул жасоо фактыларына байланыштуу 388 кылмыш иши козголду.

Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты "мамлекеттик төңкөрүш аракети" атаган. Тополоңордорго го чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп айткан.

Казак президенти тынч акцияга чогулгандардын талаптары аткарылганын айтып, тынч митингдерди андан кийин башталган ызы-чууларга аралаштырбоого чакырган.

Азырынча тополоңдордо канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун ырастаган.

XS
SM
MD
LG