Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:28

Сокулук районунун акимине сөгүш берилип, орун басары иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүйдөгү Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевге сөгүш берип, анын орун басары Самаган Мурсалиевди иштен алды. Өкмөттүн басма сөз кызматы бул чечимге байланыштуу түшүндүрмө берген жок.

Буга чейин Самаган Мурсалиев баштаган райондун жетекчилери Төмөнкү Чүй айылындагы эки миллиондой сомго курулган мектеп дааратканасынын ачылышына катышкан. Анда тасма кесилип, шаан-шөкөт менен коштолгону талкуу жараткан. Даараткананы курууга каражатты демөөрчүлөр бергени, айрыкча кыздарга ылайыкташтырылып салынганы, аларга керектүү каражаттар коюлганы айтылган.

Кыргызстанда 2 236 мектеп бар. Эл аралык уюмдар 2019-жылы өлкө мектептеринин таза суу, таза даараткана менен камсыз болуу көйгөйлөрүн иликтеп чыккан. Натыйжада айрыкча аймактардагы мектептерде бул көйгөй курч экени аныкталган.

XS
SM
MD
LG