Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Казакстанда кармалгандардын саны 10 миңге чамалады


Казакстандагы соңку нааразылыктар.
Казакстандагы соңку нааразылыктар.

Алматы шаарында соңку суткада өткөн аптадагы нааразылык акцияларына катышкан 1700дөй адамды кармады. Бул тууралуу шаардын комендатурасы кабарлады.

Ага чейин 8000ден ашуун адам кармалганы кабарланган. Натыйжада акцияга катышкандан кийин кармалгандардын саны жалпы 10 миңге жакындады.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 12-январда Алматы шаарына тополоңдон кийин биринчи жолу барды. Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали кабарлагандай, президент анда Алматы шаарынын ыкчам-тактикалык тобунун отурумуна катышты. Каза болгон күч кызматкерлеринин жакындары менен жолукту.

Казакстанда өткөн аптада газдын баасынан улам тутанган нааразылык тополоң, башаламандык менен коштолгон. Эң чоң баш каршылыктар жана жоготуулар Алматы шаарында болду.

Өлкөдө антитеррордук операциялар башталгандан бери 400дөн ашык сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Адам өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мамлекеттик органдардын имаратына чабуул жасоо фактыларына байланыштуу 388 кылмыш иши козголду.

Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты "мамлекеттик төңкөрүш аракети" деп баалаган. Тополоңдорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп атаган.

Казак президенти тынч акцияга чогулгандардын талаптары аткарылганын айтып, тынч митингдерди андан кийин башталган ызы-чууларга аралаштырбоого чакырган. Ага чейин акцияга чыккандар өздөрүн “террорчу” деп атоого каршылык билдирип, алар “жөн гана кымбатчылыкка жана башка нерселерге каршы наааразылыкка чыкканын” айтышкан.

Азырынча башаламандыктарда канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун жарыялаган. Казак өкмөтү 164 киши каза тапканын билдирип, бирок көп өтпөй аны "техникалык ката" деген негизде төгүндөгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG