Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

АКШ санкциясынан улам Литва Беларустан калий ташууну токтотту


Беларустагы “Беларускалий” мамлекеттик ишканасына таандык кен.
Беларустагы “Беларускалий” мамлекеттик ишканасына таандык кен.

“Беларускалий” ишканасына АКШ киргизген санциялардан улам Литва беларус калийин ташуу боюнча Минск менен түзгөн мамлекеттик темиржол келишимин токтотту.

Прибалтикалык өлкө бул макулдашуу " улуттук кызыкчылыкка туура келбейт" деген комиссиянын чечимин 12-январда бекитти.

2020-жылдагы президенттик шайлоону бурмалап, каршылык акцияларын баскан Беларустагы окуялардын бир жылдыгына карата былтыр августта АКШ, Улуу Британия, Канада жана Евробиримдик бир учурда каржылык жана соода санкцияларын киргизген. Ага чейинки соода, финансылык жана авиациялык тармактарга жаңы санкциялар топтому кошулган. Ага ылайык, беларус учактарынын учуп-конуусуна жана Лукашенко баш болгон кызмат адамдарынын учактарын тейлөөгө тыюу салынган.

Ошондой эле режимдин мыйзамсыз туйтунуу булагы катары белгиленген, Беларуста өндүрүлгөн негизги экспорттук товарларды, анын ичинде, мунайды, калий жер семирткичин жана тамекинин чийки затын сатып алуулар чектелди. Буга кошумча өлкөдөн чыккан курал-жарактарга киргизилген эмбарго күчөтүлдү. Санкциялык тизмеге жалпысынан 40тан ашуун компания киргизилди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG