Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Бишкекте антибиотиктен аллергия болгон аял көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте дарыгердин көзөмөлү, рецепти жок антибиотик ичкен 60 жаштагы аял дарыга аллергия болуп, 12-январда кечинде каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык "тез жардам" кызматынын башкы дарыгери Егор Борисов кабарлады.

"Кечээ кечинде "тез жардам" кызматынын реанимация бөлүмү барганда аял катуу аллергиялык реакциядан улам көз жумуп калыптыр. Маркум тааныштары телефондон эле айткан антибиотикти ичип, аллергиялык шокко түшкөн экен", - деди Борисов.

Дарыгерлердин айтымында, акыркы күндөрү сасык тумоо менен коронавирус күчөгөндүктөн антибиотиктерди көзөмөлсүз ичип, катуу аллергия болгондор көбөйүүдө. Ушундан улам адистер догдурдун көрсөтмөсү жок дары ичпөөнү эскертүүдө. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG