Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:15

АКШ БУУну Түндүк Кореяга кошумча санкция киргизүүгө чакырды


Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасы.
Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасы.

Америка Кошмо Штаттар БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуу менен ракеталар топтомун дагы сынаган Түндүк Кореяга кошумча санкцияларды киргизүүнү талап кылды. Бул тууралуу АКШнын БУУдагы элчиси Томас-Гринфилд “Твиттерде” жазды.

Ал билдиргендей, Пхеньян былтыркы жылдын сентябрынан бери алты жолу баллистикалык ракета атты, анын ар биринде БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы бузулду.

12-январда АКШ өзү Түндүк Кореяга бир тараптуу санкцияларды киргизген. Түндүк Кореянын алты атуулун, орусиялык жаранды жана фирманы кара тизмеге кошкон. АКШ алар программалары үчүн товарлары Орусиядан жана Кытайдан сатып алып жатат деп айыптоодо.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы биринчи санкцияларды 2006-жылы ал өлкө өзөктүк куралды сынагандан кийин кабыл алган.

Түндүк Корея акыркы жолу 5-январда жана 11-январда баллистикалык ракеталарды сынаган. Ceул билдиргендей, Пхеньян учурган ракета добуштун ылдамдыгынан он эсе тездик менен 700 чакырым бийиктикке көтөрүлгөн.

COVID-19 пандемиясы башталгандан кийин Түндүк Корея чек араларын толук жаап, натыйжада соода жана башка дипломатиялык сүйлөшүүлөр басаңдаган. АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы дипломатияны жандантууга даяр экенин бир нече жолу жарыялаган. Түндүк Корея азырынча мындай сунушту кабыл албай келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG